#
# #
# #

Кыргызстанда
алгачкы жолу

Жаңы муун технологиясы

Бешинчи муундагы байланыш – маалыматтарды өтө тез ылдамдыкта өткөрүүнүн негизинде жашоонун сапаты, бизнес жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган XXI кылымдын технологиялык революциясы.

5G деген эмне?

5G (fifthgeneration) — учурдагы 4G/IMT-Advanced стандарттарынан кийин чыгарылган, телекоммуникациялар стандарттарынын (5G/IMT-2020) негизинде иштеген мобилдик байланыштын бешинчи мууну. Буга чейинки муундарга салыштырмалуу (4G түйүнүнүн көрсөткүчтөрүнөн 10-20 эсе жогору) бир топ жогору ылдамдыкта болгон өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн негизинде 5G төмөнкүлөрдү камтыйт:

Мобилдик интернеттин колдонуучуларын тейлөөнүн сапатын мындан ары да жакшыртуу: өтө аз гана убакыт күттүрүү менен маалыматтарды өткөрүүнүн революциялык жаңы деңгээли, абоненттердин ортосундагы түз туташуу;

Түзмөктөрдүн ортосундагы ишенимдүү жана масштабдуу коммуникациялар системаларынын негизиндеги буюмдар интернетинин доорунун келиши. Бул, өз кезегинде, миңдеген тармактардын санариптик трансформациясын камсыз кылат.

5G ылдамдыгы

5G түйүнүнүн байланыштын башка стандарттарынан артыкчылыгы

Ары-бери жылдырыңыз

1g

Мобилдик үн байланыштар

1980

Аналогдук байланыш
AMPS, NMT, TACS

Ары-бери жылдырыңыз

2g

Миллиарддаган абонентти камтуу үчүн мурдагыдан эффективдүү үн байланыштар

1990

Санариптик байланыш
D-AMPS, GSM, IS-95 (CDMA)

Ары-бери жылдырыңыз

3G

Мобилдик маалыматтарга багыт

2000

Мобилдик маалыматтар
WCDMA/HSPA+, CDMA200/EV-90

Ары-бери жылдырыңыз

4G

Көп тармактуу мобилдик байланыш жана алдыдагы өнүгүүлөр

2010

Көп тармактуу мобилдик байланыш
LTE, LTEAdvanced, Gigabit LTE

#

Кийинки он жылдыктар үчүн бирдиктүү байланыш системасы

2020

Өткөргүчсүз мыкты ылдамдык
5G New Radio (NR)

5G медицинада

5G технологиясы телемедицинанын өнүгүшүнө жана мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы горизонтуна жол ачат:

# #

Аралыктан тез жардам көрсөтүү

# #

5G базасындагы AR/VR-гарнитураларынын жардамы менен медициналык билим берүү

# #

Ири көлөмдөгү маалыматтарды заматта жөнөтүү

# #

Аралыктагы хирургия

# #

Аралыктан тез жардам көрсөтүү

# #

5G базасындагы AR/VR-гарнитураларынын жардамы менен медициналык билим берүү

# #

Ири көлөмдөгү маалыматтарды заматта жөнөтүү

# #

Аралыктагы хирургия

5G-транспорт

Жаңы муундагы өткөргүчсүз түйүн башкаруучусуз транспорттордун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. PwC божомолдогондой, мындай транспорт 2040-жылдары планетанын ири шаарларында пайда болот. 5G автономдуу унаалардын жол кыймылынын жана жөнгө салуунун (жол чырак, белгилер) башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн шарттайт, бул болсо, өз кезегинде, жолдо кырсыктарынын келип чыгуу коркунучун азайтат.

5G-өнөр жай

Мобилдик байланыштын буга чейинки муундарынан (3G жана 4G) айырмаланып, 5G стандарты биринчилерден болуп өнөр жай талаптарын эске алуу менен, машиналар менен тиркемелердин ортосунда акылдуу өткөргүчсүз байланышты.

Интеллектуалдык тоо кен иштери − 5G кен байлыктарды коопсуз шартта жана эффективдүү казып алуу процесстерин аралыктан башкарууну шарттайт.

Акылдуу порттор − бир топ автоматташтырылган жана санариптештирилген логистикалык процесс;

Акылдуу электр түйүнү − 5G электр түйүндөрүнө үнөмдүү мониторинг жасоого жана текшерүү жүргүзгөнгө өбөлгө түзөт;

Өрт өчүрүү − 5G дрондору бир кыйла коопсуз жана эффективдүү “өрт өчүрүүчүлөр” боло алат;

Айыл чарбасы − 5G аркылуу фермерлер аралыктан көзөмөл жүргүзө алат. Мал чарбачылыгында ооруга аралыктан так аныктама коюуга жана дарылоого шарт түзөт.

5G менен акылдуу үй

“Акылдуу үй” системасы орнотууга жеткиликтүү жана оңой болуп калат. Анткени кымбат баалуу кабелдик орнотууларга жана ашыкча монтаждык жумуштарга муктаждыктар жоголот.

“Акылдуу үй” системасы орнотууга жеткиликтүү жана оңой болуп калат. Анткени кымбат баалуу кабелдик орнотууларга жана ашыкча монтаждык жумуштарга муктаждыктар жоголот.

Акылдуу үйдүн − 21-кылымдагы үйдүн үлгүсү: үйдүн кожоюндары уйкудан ойгонгондо система өзү тереза парданы ачып, кофемашинаны жана радиону иштетет;

Үй ээси үйдө жок кезде жылуулукка каражатты үнөмдөө үчүн акылдуу система өзү эле температураны төмөндөтөт;

Чоочун адамдар тарабынан үйгө кирүү же талкалоо аракети болгондо, акылдуу система бул тууралуу кароолчуга жана үй ээсине кабар берет.

5G-гейминг

Маалыматтарды жогорку ылдамдыкта жана өтө кыска убакытта өткөрүү булуттагы оюндарга байланыштуу чоң бурулуш болмокчу.

Маалыматтарды жогорку ылдамдыкта жана өтө кыска убакытта өткөрүү булуттагы оюндарга байланыштуу чоң бурулуш болмокчу.

Атайын сервер татаал 3D- графикасын иштеп чыгууну өзүнө алат, ал эми алынуучу сүрөт 5G түйүнү аркылуу кадимки ноутбукка аз гана убакыттын ичинде берилет. Ошондон улам оюнду оюн компьютерлериндегидей эле кубаттуулукта, жогорку ылдамдыкта ойноого болот, демек, андай компьютер сатып алуунун зарылчылыгы болбойт. Оюнду үйдө гана эмес, 5G жеткиликтүү болгон бардык жерде − компьютериңиз менен сейил бакта отурган учурда да ойной берүүгө болот. Ошондой эле 5G толук метраждуу тасмаларды мүнөттөрдүн ордуна саналуу секундалардын ичинде эле жүктөп алууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми агымдык медиага ошол эле замат кирүүгө болот.

Көп берилүүчү суроолор

Радиофобия — нурлануу булактарынын бардык түрлөрүнөн же болжолдуу бирөөсүнөн коркуу: антенналар, микротолкундуу меш, смартфондор, уюлдук байланыштын базалык станциялары. Радионурлардан коркуу дүйнө боюнча кеңири жайылган фобия. Ал эми мобилдик нурлардан коптонгондордун санынын көбөйүшү 5G технологиясы боюнча маалыматтардын жетишсиздигине байланыштуу келип чыгууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун корутундусуна таянсак, бир дагы экспертиза базалык станциялардын радиотолкундары адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизет деп аныктаган эмес.